Бугун Баткен мамлекеттик университетинде кубанычтуу иш-чара болуп өттү. 100дөн ашуун илимий эмгектердин автору, КРнын ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы депутаты, мамлекеттик ишмер Ж.Ж.Жоробековдун “Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны” аттуу китебинин бет ачары болду. Иш-чарага БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязов баш болгон профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана И. Раззаков атабыздын кичи мекенинен келген коноктор катышып, автордон китеп жөнүндө маалымат алышты. Улуттун улуу инсаны И.Раззаков атабыздын баскан жолу ар бирибизге өрнөк.