Эл аралык “БОБЕК” улуттук кыймылы, Эл аралык студенттер ассоциациясы жана КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулган “Кыргызстандын мыкты студенти – 2021” аталышындагы таланттуу жаштардын китеп коллекциясын чыгарууга өлкөбүздөгү ЖОЖдордун студенттеринин арасында жарыялаган сынакка катышып, III орунду камсыз кылган БатМУнун башкы мекемесинин Педагогика жана БББУ адистигинин студенти Жапарова Айзатты жана анын үй-бүлөсүн БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязов кабыл алып, жараткан ийгилиги менен куттуктап, мындай студенттер окуу жайдын сыймыгы экенин белгиледи. Ошондой эле мыкты студентибиздин үй-бүлө мүчөлөрү өз кезегинде колдоо көрсөткөн ректорго жана окутуучуларга ракматын айтып, терең ыраазычылыктарын билдиришти.