Баткен мамлекеттик университетинде мугалимдердин кесиптик майрамы быйылкы окуу жылында өзгөчө шаң менен белгиленди! Жүрөк жылыткан жакшы сөзгө, жагымдуу куттуктоого, эмгектин акыбетин көрсөткөн сыйлыкка, шаңдуу кечеге бөлөнгөн бул күн окутуучуларга жакшы маанай, жагымдуу чөйрө тартуулады. Алгач мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган кеченин салтанаттуу бөлүгү жыйындар залында өтүп, анда бир катар окутуучуларга көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Ардак грамоталары жана окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу үзүрлүү эмгеги үчүн ректордун Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Андан соң майрамдык маанай студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа, сый тамак, жакшы каалоо-тилектер менен коштолду.