Бүгүн Баткен шаарында “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү” аттуу инвестициялык форум өтүүдө. Ага КРнын министрлер кабинетинин төрагасы А.У.Жапаров баштаган бир топ бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, инвесторлор катышууда. Бул форумду уюштурууга Баткен мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери да активдүү катышуу менен, өз салымдарын кошууда. Мындай иш-чаралардын байма-бай болуп туруусу, жаш облусубуздун өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү шексиз. Өркүндөп өсө бергин, өрүкзарлуу Баткеним!