Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтуна барып, кышка даярдык иштеринин жүргүзүлүшү, окуу корпустар, спорт зал, студенттик жатаканадагы жылытуу системасы жана анын сапаты, ошондой эле студенттердин сабактарга катышуусу менен таанышты. Мындан сырткары окутуучулар жамааты, студенттер менен жолугушуп, жүргүзүлүп жаткан иштер, алдыдагы пландар менен бөлүшүп, алардын көйгөйлөрүн укту. Ректордун тапшырмасына негиз бүгүнкү күндө институтта жылуулук бериле баштады. Ошону менен катар ректор, Айдарбек Токторович институттун жетекчи кызматкерлерине студенттердин билим сапатын жогорулатуу, “COVID – 19” илдетинин алдын алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Жолугушуунун соңунда окутуучулар, студенттер ректордун аткарып жаткан иштерине ыраазычылык билдирип, ийгилик каалашты. Эскерте кетсек, БатМУ СГЭИде быйылкы окуу жылында жылытуу системасы толугу менен алмашылып, окуу корпустардын эшик, терезелери жаңыланып, спорт зал толугу менен ремонттон өттү. Ошондой эле компьютерлер, принтерлер, электрондук доска ж.б.алынды.