Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын М.И.Платов атындагы Түштүк-Россия мамлекеттик политехникалык университеттинде уюштурулган “Маданий айырмачылыктарды жана санариптештирүүнү башкаруу жогорку билим берүүнүн туруктуу өнүгүшүнүн вектору катары: Борбор Азия менен Россиянын Эл аралык тажрыйбасы жана өзгөчөлүктөрү” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.

БатМУнун ректор, профессор Гыязов Айдарбек Токторович мындан сырткары Россия Федерациясынын М.И.Платов атындагы Түштүк-Россия мамлекеттик политехникалык университеттин ректору менен академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу, конок лекцияларды уюштуруу жана илим-изилдөө иштерин биргеликте жүргүзүү максатында эки тараптуу келишим түзүүгө жетишти.