2021-жылдын 22-октябрь күнү Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Көз карандысыз кыргыз мамлекети: укуктук, саясий жана тарыхый саресеп» аттуу аспиранттар, магистранттар, стунденттер менен биргелешкен Эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулуп, ага Баткен мамлекеттик университетинен окутуучулар, студенттер катышып, Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынын Конституциялык, укуктук негиздери: мамлекеттүүлүктүн мыйзамдык бекемделиши, Кыргыз Республикасынын калыптануусунун, өнүгүүсүнүн өбөлгөлөрүнө саясий, укуктук тарыхый саресеп, азыркы гуманитардык, так илимдердин көйгөйлүү маселелерин камтыган докладдарын окушту. Конференцияга Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы ЖОЖдордон окумуштуу окутуучулар, аспиранттар, магистранттар, студенттер катышып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.