Бүгүн борбор калаабыз Бишкек шаарында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 65 жылдык мааракесине арналган “Дене тарбия жана спорттун, жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоонун теориясынын жана практикасынын учурдагы маселелери” аттуу Эл аралык илимий конференция өтүүдө. Ага Баткен мамлекеттик университетинен ректор, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов, Илим, уюштуруу жана мамлекеттик тил боюнча проректор, б.и.к., доцент А.А.Саматова, БатМУнун СГЭИнин окутуучусу, билим берүүнүн мыктысы Ы.Т.Төрөев, БатМУнун окутуучусу, Эл аралык спорттун чебери А. Эрматовдор катышууда. Ошондой эле конференцияга КРнын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.О.Кожошевдер баш болгон бир катар бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү, дүйнөлүк окумуштуулар катышып, куттуктоо сөздөр айтылып, жаштарды руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоо боюнча ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча докладдар окулуп, талкуу жүрдү.