2021-жылдын 25-26-октябрь күндөрү Бишкек шаарында КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Республикалык жаштардын конгресси уюштурулуп, ага Баткен мамлекеттик университетинин студенттери Жаныбек кызы Упанай, Рахматов Мухаммед катышты. Конгресске КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов баш болгон саясатта, экономикада, илимде, спортто, туризмде, бизнесте ж. б. тармактарда ийгиликке жетишкен инсандар менен жаштардын катышуусунда “Биздин келечек” аттуу стратегиялык жаштар программасы боюнча талкуу жүргүзүлүп, жаштардын өлкөнү өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу суроо-жооп, баарлашуу болду. Бул иш-чара аймактагы жаштардын байланышын күчөтүүгө шарт түзүү менен мыкты идеялардын аянтчасына айланды. Конгресс тарыхый жайларга саякат, жагымдуу концерттик программа менен коштолду.