Бүгүн 27.10.2021-ж. Баткен мамлекеттик университетине жети дубандын жаштарынан турган Жарандык билим берүү академиясынын катышуучулары конокто болуп, окуу жайдын тарыхы, материалдык-техникалык базасы, окутуучулар, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Мындан сырткары БатМУнун Борборлоштурулган китепканасы тарабынан уюштурулган “Бир адамдан бир китеп” акциясына катышып, өздөрү ала келген китептерин тапшырышты. Ошондой эле БатМУнун “Айгүл-Тоо” музей комплексиндеги экспанаттар менен таанышып, Баткен мамлекеттик университети жөнүндө жакшы таасирлерди алышкандыгын айтып, жалпы жамаатка ыраазычылык билдиришти.