Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрь күнү БатМУнун башкы мекемеси жана БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттеринен куралган “Биримдик”, “Акыл кенч” командалары Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин алдындагы «Жаратман» чыгармачыл борборунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Акыл ордо» интеллектуалдук таймашына катышып келишти. Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынын чыгармачыл студенттеринин арасында болуп өткөн акыл таймашы жаратман жаштардын ортосундагы байланышты бекемдөө, студенттердин окуудан сырткаркы жашоосун кызыктуу өткөрүү жана таланттуу студенттерге колдоо көрсөтүү максатын көздөп, иш-чара жалпы катышуучулар үчүн окуу жай жана анын музейине саякаттоо менен коштолду. . Жыйынтыгында БатМУдан барган “Биримдик”,«Акыл кенч» командалары таймашка активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланды.