Бүгүн 2-ноябрь 2021-ж. Баткен мамлекеттик университетинин Гуманитардык-экономикалык факультети тарабынан кыргыз элинин залкар жазуучусу, коомдук ишмер, тарыхый роман чебери Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чара уюштурулду. Иш-чарада алгач окуу жайдын тилчи окутуучулары Т. Касымбековдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу маалымат берсе, таланттуу студенттер “Манас” эпосунан үзүндү айтып, “Сынган кылыч” романы боюнча сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарышты. Студент жаштарга бул иш-чара патриоттук, гумандуулук таалим-тарбия берүү менен аларды эл-жерди сүйүүгө, улуттук нарк-насилди сактоого үндөдү.