БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда 2021- жылдын 22-декабрында «Билген жанга сен өлбөдүң тирүүсүң, ырга айланып, ырда жашап жүрүсүң» аттуу элибиздин сыймыктуу уулу, акын жана драматург Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык семинар болуп өттү. Иш-чара КГПИнин директору ф-м.и.к., доцент Кошуев Абдижамил Жумаевичтин Э.Эрматовду эскерүү сөзү менен башталды. А.Кошуев Эгемберди агайдын адамдык жана акындык тагдырынан учкай кеп кылып, КГПИдеги ишмердүүлүгүнө жана институттагы чыгармачыл студенттердин тапталышына зор салымын кошкондугун баса белгиледи. Кыргыз тили жана тарых кафедрасынын ага окутуучусу Көчкөнов Абдилазиз Көчкөнович тарабынан илимий макала окулду. Илимий-практикалык семинарга кадырлуу коноктор Э.Эрматовдун иниси Байсалбек Эрматов, жубайы Айгүл Эрматова, акын Тажикан Аязова, маданияттын мыкты кызматкери Лайликан Арапова, «Акыл кенч» китеп дүкөнүнүн жетекчиси Пазилет Топчубаевалар катышты. Күн мурунтан иштелип чыккан илимий-практикалык семинардын жобосунун негизинде төмөнкүдөй конкурстар жарыяланган.-Эгемберди Эрматовго арналган «Эң мыкты автордук ыр» конкурсуна 20-декабрга чейин ондон ашык студенттин эмгеги келип түшкөн. Калыстардын чечими менен тандалып алынган 3 мыкты ыр семинарда авторлор тарабынан окулду. -Эгемберди Эрматовго арналган «Эң мыкты дубал газета» конкурсу. Сынактарга жигердүүлүк менен катышкан студенттер, тайпалар ардак грамота, диплом жана Э.Эрматовдун китептери менен сыйланды. Мыкты катышуучуларга Э.Эрматовдун үй-бүлөсү тарабынан китептер белекке берилди. Баса белгилеп өтүүчү жагдай, президенттик «Үмүт» стипендиясынын ээси Мурзабек кызы Чачыкей Эгемберди Эрматов атындагы коомдук фонддун төш белгиси менен сыйланды. Студенттер тарабынан концерттик программа коюлуп, Э. Эрматовдун чыгармаларынан инценировкалар көрсөтүлдү. Обондуу ырлар жаңырып, агайдын лирикалары, котормолору көркөм окулду.