2021-жылдын 21-декабрь күнү Баткен мамлекеттик университетинин Тарбия, уюштуруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти тарабынан БатМУнун башкы жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү талантуу, өнөрлүү, шыктуу студенттеринин катышуусунда “Студенттик күндөр кандай керемет!” аттуу кароо-сынак уюштурулуп, ага жалпысынан 6 команда катышты. Кароо-сынакты БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов ачып, жалпы иш-чаранын катышуучуларын кирип келген жаңы жыл майрамы менен куттуктап, окуу жайда билим берүү менен биргеликте тарбиялык, маданий, спорттук иш-чаралардын айкалышы студенттердин ар тараптуу адис болуп калыптануусуна өбөлгө түзөрүн белгилеп, БатМУнун студенттери дагы да бийиктиктерге, ийгиликтерге жетишүүсү үчүн шарттарды түзө берерин билдирди. Андан соң, окууда ийгиликтерге жетишкен, коомдук, маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышкан студенттерге Ардак грамоталарды, ал эми КР Президенттинин “Үмүт” стипендиясынын ээлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды. Сынакта командалар:-Презентация;-Ыр;-Бий;-Кыска тамамаша номинациялары боюнча таймашып, 1-орунду БатМУ КГПИнин командасы, 2-орунду БатМУ КТКнын командасы ал эми 3-орунду БатМУ СГЭИнин командасы камсыз кылды. Жыйынтыгында жеңүчүлөр жана катышуучулар дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.