Бүгүн 2021-жылдын 24-декабрь күнү Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Педагогика жана экономика факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо болуп, ага ф-м.и.к., доцент А.М.Байгесековдун талапкерлиги сунушталды. Шайлоого факультеттеги профессордук-окутуучулар курамынын 32синин ичинен 30у катышты. Жалпы окутуучулардын добуш берүүсүнөн соң, А.М.Байгесеков шайлоочулардын 77 пайыз добушуна ээ болуп, БатМУ СГЭИнин Педагогика жана экономика факультетинин деканы болуп шайланды. Жайынтыгында шайлоо комиссиясынын төрайымы, БатМУнун окуу иштери боюнча проректору, б.и.к., доцент Миралы кызы Анара эжеке, БатМУ СГЭИнин директору А.К. Камбаров ж.б. окутуучулар А.М.Байгесековдун декан болуп шайланышы менен куттуктап, факультеттин ишин алга сүрөп, зор ийгиликтерди жаратат деген ишеничтерин билдирди.