Бүгүн 2022-жылдын 18-январь күнү Баткен мамлекеттик университетинде “Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күн” аттуу кампаниянын алкагында «Гендердик зомбулукка байланыштуу соттук иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү» аттуу темада КАЖС судьялары менен БатМУнун студенттеринин жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чараны БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Артыкбаев Гыламидин Үрүстөмович ачып, гендердик зордук-зомбулук жана анын кесепеттери, бул багытта мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу кенири токтолуп, мындай иш-чаралардын байма-бай уюштурулуп туруусу өсүп келе жаткан муунга бул багытта маалымат берүүнүн бирден-бир булагы экендигин белгиледи. Андан соң БатМУнун юридикалык клиникасынын башчысы Шерова Аида Осмоналиевна “Кыргызстанда гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк” кампаниясынын максаты, өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу баяндама жасады.Ошондой эле жолугушуунун коногу Баткен райондук сотунун төрайымы Индира Таштанбековнага сөз берилип, ал акциянын максаты жана ага жетүүдөгү багыттарга кенен токтолду. Жолугушуунун соңу суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар бир топ маанилүү маалыматтарга ээ болду.