Баткен мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана математика кафедрасынын ага окутуучусу Бекмаматов Замирбек Молдошевичти 2022-жылдын 12-январында Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш ресурстары институтунун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн уюштурулган К 01.19.599 диссертациялык кеңешинде 01.01.02 – «Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу» адистиги боюнча “Төртүнчү тартиптеги курама жана гиперболалык типтеги теңдемелер үчүн жалгаштыруу маселелери” аттуу тема боюнча кандидаттык илимий ишин ийгиликтүү коргоп алышы менен кызуу куттуктайбыз! Урматтуу Замирбек Молдошевич, сизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана илимий бийиктиктерди, чыгармачылык өрүштөрдү каалайбыз! БатМУнун эмгек жамааты.