Бүгүн Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан спорттун кол күрөш (АРМРЕСТЛИНГ) түрү боюнча ачык чемпионат өтүп, ага биздин окуу жайдан да окутуучулар, студенттер катышты. Мелдеште 40 жашка чейинкилер арасында өткөн күч сынашууда студенттер мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, ал эми 40 жаштан жогоркулар арасында БатМУнун окутуучусу, Эл аралык спорт чебери А.К.Эрматов 3-орунду камсыз кылды. Спорттук иш-чарага Баткен облусунун бардык аймактарынан жана Ош, Жалал-Абад шаарларынан келген балбандар жана БатМУнун окутуучусу, дүйнө чемпиону Дилдора Рахманова сыяктуу чемпиондор конок катары катышты. Жыйынтыгында Баткен шаарынын вице-мэри Мансурбек Маматисаев мелдештин жеңүүчүлөрүн куттуктап, дипломдор жана акчалай сыйлыктарды тапшырылды.