Бүгүн 2022-жылдан 12-февраль күнү БатМУда Илимдеги кыздар жана аялдар күнүнө карата иш-чара уюштурулуп, ага “Тechaim” коомдук фондунан, шаардык мэриядан, айыл өкмөттөрдөн өкүлдөр, ошондой эле Баткен шаарындагы жана районундагы мектептердин окуучулары, окуу жайлардын студенттери, “БатМУнун Enactus” командасынын мүчөлөрү, жергиликтүү фасилитаторлор катышты.

Алгач, иш-чара Баткен мамлекеттик университетинин материалдык-техникалык базасын тааныштыруу менен башталып, чоң жыйындар залында уланды. Анда илимде ийгиликке жетишкен кыздардан мастер-класстар уюштурулуп, презентациялар жасалды. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар бир топ пайдалуу, мазмундуу маалыматтарга ээ болду.