Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде жана окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндө Билим берүүнүн сапаты бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 7-февралынан тартып 16-февралына чейин “Окутуучу – студенттердин көзү менен” аттуу сурамжылоо (анкетирлөөнү) өткөрүлүп, студенттер анкеталарды (суроолорду) форма 1,2нин негизинде толтурушту. Сурамжылоо университеттин профессордук-окутуучулар курамынын ж.б. кызматкерлеринин арасында укук бузуунун, жемкорлуктун алдын алуу максатында жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чара болуп эсептелип, белгилүү бир сабак боюнча окутуучунун окутуу деңгээлин, студенттин күндөлүк билимин текшерүүдөгү жана зачёттук-сынактык сессияларды өткөрүүдө студенттерге карата мамилесинин сапаттык деңгээлин студенттердин көз карашы менен аныктоо максатында жүргүзүлдү. Мындай иш-чараларды уюштуруп туруу окуу жайдагы окуу процессин жакшыртууга, билим берүүнүн деңгээлин, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу менен ЖОЖдогу коррупциялык көрүнүштөрдү түп тамыры менен жоюуга жардам берет.