Бүгүн 2022-жылдын 28-февраль күнү Баткен мамлекеттик университетинде Эл аралык Эне тил күнүнө арналган иш-чараларды жыйынтыктап, “Тилди тилге, эне менен энени, Чаташтырбай өз-өзүнчө барктагын,Экөөнүн тең тазалыгын сактагын!” – аттуу кароо-сынак болуп өттү. Ага БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрү, БатМУнун “Enactus” командасы, БатМУнун “Ыйман” гимназиясынан жалпы 8 команда катышты. Иш-чараны БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов ачып, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон бир катар кызматкерлерге КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисин тапшырып, катышуучу командаларга ийгилик каалады. Командалар:- Саламдашуу;- “Манас” эпосунан үзүндү айтуу;- Обондуу ыр аткаруу;- Бий – номинациялары боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында: Баш байгени – БатМУнун “Ыйман” гимназиясынын командасы; 1-орунду БатМУнун башкы мекемесинин командасы; 2-орунду БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун командасы; 3-орунду БатМУнун Көп тармактуу колледжинин командасы ээледи. Жеңүүчүлөр дипломдор, акчалай сыйлыктар жана китептер менен сыйланды. Жалпы иш-чараларга активдүү катышкан окутуучуларга “Ардак грамоталар” тапшырылды.