Бүгүн 2022-жылдын 26-февраль күнү БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту жана Кызыл-Кыя экономика, технология, укук институтунун эмгек жамааты, студенттери менен БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү.Артыкбаев баштаган укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн, дин иштери боюнча мамлекеттик кызматкерлерден жана дин кызматкерлеринен турган курам жолугушту. Жолугушууда жаштар арасында эстремизмдин, терроризмдин жайылышынын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен коомдогу терс көрүнүштөр жана аларды болтурбоо маселелери талкууланды. Иш-чара суроо-жооп тартибинде өтүп, катышуучулар кызыктырган суроолоруна жоопторун ала алышты.