Бүгүн 05.03.2022-ж. Баткен мамлекеттик университетинде Өзбекистан Республикасынын Фергана облусунун губернаторунун орун басары Х.Р.Ахмедов конокто болуп, БатМУнун экономика жана финансы боюнча проректору М.М.Үсөнов менен жолугушту.

Жолугушуу эки өлкөнүн Президенттери тарабынан макулдашылган кызматташууга улай жүргүзүлүп, БатМУнун “Айгүл-Тоо” тарыхый маданий музей комплекси менен таанышты.Жолугушууда тараптар Кокон доорундагы эң акыркы хан Полот хан тууралуу тарыхый китеп чыгаруу жана андагы маалыматтарды тарыхый булактарга таянуу менен так, даана, тарыхты бурмалабастан маалыматтарды китепке киргизүү жөнүндө макулдашылды. Ошондой эле Фергана өрөнүндөгү музейлердин ортосунда кызматташууну күчөтүүнү жолго салуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Бул орток тарыхты чагылдырган китеп төрт тилде (кыргыз, өзбек, орус, англис) чыгып, коңшулаш элдердин достук, ынтымагын бекемдөөдө өзгөчө орунга ээ болуу менен келечек муундар үчүн бай тарыхый мурас болуп калары бышык.