Урматтуу, айымдар! Кымбаттуу, Баткен мамлекеттик университетинин эжекелери, студент кыздары!

Сиздерди 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!Жаз менен кошо кирип келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз. Аялзаты мээримдүү эне, сүйүктүү жар, боорукер эже-карындаш болуу менен бизге чексиз бакыт, дем, күч, ийгилик тартууланган инсансыздар. Сиздердин талыкпас эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар, мээримиңиздер менен дүйнө бүтүн! Сиздерге терең ыраазычылык билдирүү менен адам атын өчүрбөй улаган эмгегиңиздер үчүн таазим кылам!

БатМУнун ректору, э.и.д., профессор Гыязов А.Т.