Быйыл Нооруз майрамы Баткен шаарында мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдө. Бул майрамга Баткен мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери активдүү катышып, кыргыздын боз үйүн жасалгалап, улуттук тамак-аш көргөзмөсүн уюштуруу менен сахналаштырылган бөлүгүнө катышууда. Нооруз майрамы жалпыбызга кут болуп, жылыбыз токчулук, молчулук, тынчтык менен коштолсун!