БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун директору Камбаров Айипбек Кадирович илимий-изилдөө ишин жактоо алдында тургандыгына байланыштуу, БатМУнун ректорунун 2022-жылдын 28-мартындагы 03-03/55 буйругунун негизинде БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун директору кызмат ордунан бошотулуп, Педагогика жана экономика факультетинин деканы кызматына конкурстук шайлоого чейин дайындалды. Ушул эле буйрук менен БатМУ СГЭИнин директору кызмат ордуна ф-м.и.к. доц. м.а. Байгесеков Абдибаит Мажитович дайындалды.

Ректордун буйругу менен БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү.Артыкбаев тааныштырып, А.К.Камбаров директордук кызматты аркалаган мезгилинде эмгек жамааттын арасында кадыр-баркка ээ боло алгандыгын айтып, коллективди ынтымакта, биримдикте башкаруу менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкендигин баса белгилеп, илимий-ишине ийгиликтерди каалады. Ал эми, А.М.Байгесековду жаңы кызмат орду менен куттуктап, анын жетекчилиги астында БатМУ СГЭИде көптөгөн ийгиликтер жаралып, окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошот деген ишеничин билдирди.