Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун модулдарын тапшыруу жана жогорку, орто билим берүү окуу жайлары менен кызматташуу боюнча иш-чара болуп, анда БатМУ менен “Окуу керемет!” долбоорунун кызматташуусу такууланды.

Иш-чараны БатМУнун Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү.Артыкбаев ачып, USAID уюму менен окуу жай тыгыз байланышта экендигин белгиледи. Андан соң, “Окуу керемет!” долбоорунун директору Леана Гречге кутуктоо сөзү берилип, БатМУнун окуу иштери боюнча проректору, б.и.к., доцент Миралы кызы Анара эжеке Баткен мамлекеттик университети боюнча презентация жасады. Акырында иш-чаранын катышуучулары эстелик үчүн сүрөтткө түшүштү.