Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов менен ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык директору Криста Пиккат башында турган БУУнун делегациясы жолугушту. Анда көп тилдүүлүк, Баткен облусундагы тарыхый баалуу мурастарды биргеликте изилдөө иштерин жүргүзүү, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан Республикалары ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана студент жаштар үчүн пайдалуу ар кандай долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.