2022-жылдын 14-апрель күнү Баткен мамлекеттик университетинин  Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда чоң иш-чара болуп өттү.

Окуу жайдын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жана бүтүрүүчүлөрү Кадамжай, Кызыл-Кыя жана Ноокат аймактарындагы иш берүүчүлөр менен жолугушуп, ачык-айкын баарлашуу жүрдү.

Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонова, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Орозбаев жана мектептердин, лицейлердин директорлору конок болушту.

Жолугушууда сөзгө чыккан жетекчилер, мектеп директорлору КГПИнин бул чөлкөмдөгү билим берүүчү мекемелерди жогорку билимдүү педагогикалык кадрлар менен камсыздоо абдан чоң ролго ээ экендигин баса белгилешти. Мектептерде иштеп жаткан ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр тууралуу жылуу пикирлерди айтышты. Ошону менен катар мектеп жетекчилери учурда жетишсиз болуп жаткан адистерди даярдоо сунушун беришти.

БатМУ КГПИ менен тыгыз кызматташтык алып барган мектеп директорлоруна ыраазычылык барактары ыйгарылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн практика учурундагы дидактикалык материалдарынын, көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсү болду.