2022-жылдын 16-апрелинде Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессор Мадраимов Сапарбек Мадраимовичтин 75 жылдыгына карата аймактык илимий конференция болуп өттү.

Иш-чара “Жаңы маалыматтык технологиялар мезгилиндеги студенттик илимдин өнүгүшү” аттуу темада болуп, ага БатМУ КГПИнин студенттери илимий жетекчилери менен катышып келишти.

Конференциянын жүрүшүндө профессор Мадраимовдун өмүр жолун чагылдырган видео тасма коюлду.

Пленардык жыйында БатМУ КГПИнин информатика профилинин 4-курсунун студенти Мурзабек кызы Чачыкейдин Жамшутова Бурмакан Жолдошовнанын илимий жетекчилигин менен жазылган “Онлайн окутууда практикалык сабактарды уюштуруунун өзгөчөлүктөрү” аттуу макаласы окулду. Мындан сырткары секциялык иштерде төмөнкү студенттер макалалары менен катышты:-информатика профилинин 4-курсунун студенти Ботобекова Азиза (илимий жетекчиси Бекмурзаев Буажар Абдусаттаровна); -математика профилинин 3-курсунун студенттери Дооронбек кызы Эльзира, Зайлабидин кызы Нурзия ( илимий жетекчиси Жамшутова Бурмакан Жолдошовна); -информатика профилинин 1-курсунун студенттери Исмаилова Роза, Ираимбердиева Нуржан ( илимий жетекчиси Асыртанова Асалкан Тавалдыевна) Конференциянын соңунда бардык студенттер сертификаттарга ээ болушту. Ал эми информатика профилинин 4-курсунун студенттери Ботобекова Азиза секциялык иште 2-даражадагы, Мурзабек кызы Чачыкей пленардык жыйында 1-даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.