“Практика – келечек үчүн алгачкы кадам” аттуу кесиптик-базалык практика боюнча конференция

Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде студенттердин кесиптик-базалык практикада аткарган иштерин анализдөө, теория менен практиканы айкалыштыра билүүгө үйрөтүү, өз адистиктерин сүйүүгө, урматтоого жана терең өздөштүрүүгө багыттоо максатын көздөгөн конференция болду. Анда практиканын жүрүшү, мааниси жөнүндө Практика боюнча жетектөөчү адис, п.и.к. А.Э.Нажимидинова баяндама жасап, андан соң практиканттардын практикада өткөн Ачык сабактарынын, чыгармачылыгынын жана жасаган баяндамаларынын негизинде – “Мыкты практикант” – Тиллабава кызы Азиза;- “Чыгармачыл практикант – Дехканова Азиза;- ” Үлгүлүү практикант” – Бактыбек к Эркайым;- “Зирек практикант” – Юсупова Милана;- “Маданияттуу практикант” – Манасбек к Алина аталып, дипломдор жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.