2022-жылдын 19-апрелинен DigiKonush долбоорунун алкагында Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын алыскы райондорунда санарип көндүмдөр боюнча окутуу программаларын түзүү жөнүндө тренингдерге Баткен мамлекеттик университетинин кызматкерлери менен студенттери катышты.

Бул окутуулардын өзгөчөлүгү – көлөмдүү материалды кыска мөөнөттө өздөштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү интерактивдүү жана инновациялык ыкмалардын түрдүүлүгү. Натыйжада тренингдин бүтүрүүчүлөрү санарип көндүмдөр боюнча өздөрүнүн электрондук курстарын жана окуту модулдарын иштеп чыга алат.

Окууга ЖОЖдордун, ПТУнун, мектептердин мугалимдери катышат. Андан соң алар БатМУ, ОшМУ жана ЫМУ мамлекеттик университеттеринде долбоордун алкагында ачылган Санарип Көндүмдөр Борборлорунда өздөрү жердештерин окута алышат.

Белгилеп кетсек, жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, санарип көндүмдөр боюнча аялдар жана жаштар арасында эң төмөн көрсөткүч Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарында.