2022-жылдын 22-апрель күнү Баткен мамлекеттик университетинде Мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к. А.Ш.Мурзалиева тарабынан Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата “Билимдүүнүн белгиси, билимин келет бергиси, акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси!” аттуу Баткен чөлкөмүнөн чыккан акын-жазуучулардын, обончу-композиторлордун чыгармачылыгын даңазалаган иш-чара уюштурулду. Иш-чараны БатМУнун Окуу иштери боюнча проректору, б.и.к, доцент Миралы кызы Анара Миралыевна ачып, Тышкы байланыштар жана укуктук камсыздоо боюнча проректору Г.Ү. Артыкбаевдер куттуктоо сөздөрүн айтышып, китеп-технологиялашкан заманда да өз ордун жоготпой бийик турарын белгилеп, китеп менен ынак дос болууга чакырды.

Иш-чара БатМУнун окутуучусу, “Кыргыз тили” төш белгисининин ээси, акын А.Б.Сатыбалдыева автордук ырларынан окуп, студенттер китеп тууралуу учкул сөздөрдөн айтышып, ырлар көркөм окулду.

Студенттерге жана окутуучуларга жазуучу А.Ражабалиевдин “Мусаапыр”; Мурзапар Үсөн аль-Мерванинин “Райкомдун аялы”, “Курманбек” аттуу китептери А.Ш.Мурзалиева тарабынан белекке берилди.

Ж.Саттаров өзүнүн автордук ырларынан окуп, жергиликтүү композиторлор: А.Жайнаковдун, З.Султановдун обондуу ырларынан аткарды. Иш-чаранын соңунда окутуучулар БатМУнун китепканасынын түптөлүшүнө зор салымын кошкон, өмүрүн китепканага арнаган инсан, ардактуу эс алуудагы Султанова Асема эжекени майрамы менен куттуктап келишти. Чыңгыз Султанов атасы, обончу-композитор З. Султановдун китептерин университетке белекке берди.