Студенттик курам боюнча бөлүм

Студенттик курам боюнча бөлүмүнүн жумушу, институтта кадрлардын сандык жана сапаттык курамы боюнча маселелерди толук аткарууга оптималдуу көмөктөшүүгө багытталат. Ошону менен бирге, студенттик курам боюнча бөлүм төмөнкү кызматтарды аткарат:

  • Кадрдык иште нормативдик укук актыларынын аткарылышын көзөмөлдөйт. Кадрлардын сандык жана сапаттык курамы боюнча маалыматтар базасын алып баруу, аны өнүктүрүү жана жүргүзүү.
  • Инститтун бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте кадрлардын жекече сапаттарын, квалификациясын, алардын ээлеген кызматына дал келүүсүн көзөмөлдөө жана баа берүү менен жайгаштыруу.
  • БатМУ СГЭИ кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүнү, методикалык жана информациялык жактан камсыз кылууну уюштурат.

Кызматкерлердин иш кагаздарынын учетун жетектейт, иштегендиги тууралуу тийиштүү тактамаларды берүү, эмгек китепчелердин алып барылуусун жана сакталышын камсыз кылуу, кызматкерлерди сыйлыка көрсөтүү боюнча материалдарды даярдоо. Пенсиялык камсыздандыруу жана пенсияны чектөө боюнча материалдарды даярдоо. Кадрдык жумушта илимий-методикалык жаныланууну, анын материалдык-техникалык жана информациялык базасын, кадрларды башкаруунун заманбап методдорун маалымат системасынын AVN порталын пайдалануу менен камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүү.

  • Кадр иштери боюнча архивариустун институттун бөлүмдөрү менен биргеликте иш алып баруусун жетекчиликке алат.
  • Жогорку органдардан кадр иштери боюнча келген буйруктардын, токтомдордун, институттун бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан аткарылуусун көзөмөлдөйт.
  • Эмгек өргүүсүнүн графигин даярдоону жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт .
  • БатМУ СГЭИ бөлүмдөрүндө ички эмгек эрежелеринин аткарылышын, эмгек тартибинин абалын жана аны бекемдөө чараларын көрүүнү камсыз кылуу.Студенттерди институтка кабыл алуу, которулуу, институттан чыгаруу, стипендия чектөө, МАКка киргизүү, бүтүрүүчүлөргө квалификация ыйгаруу боюнча декандардын билдирүүлөрүнүн, өздүк арыздардын негизинде БатМУга билдирүү даярдоо.

Буйруктардын негизинде студенттердин өздүк делолоруна тийиштүү көчүрмөлөрдү киргизүү. Университетте которулуу, тикеленүү жана башка окуу жайына которулуу, башка окуу жайынан которулуп келүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 29-майындагы №346 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзүү.

AVN базасындагы БатМУ СГЭИнин студенттери боюнча маалыматты алып барууну көзөмөлгө алуу.

ЖОБОЛОР

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси

ПОКтун жумуш ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө ЖОБО

Студенттердин окуу акысын төлөөдөгү жеңилдик берүү жөнүндө ЖОБО

БатМУ СГЭИнин архивинин жобосу

Бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар

Биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөр

Карьера жана диплом боюнча