Бүгүн 2022-жылдын 27-апрель күнү КРдин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору талкууланды. Талкууга КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов, Финансылык анализ жана бюджеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси Салмоор Асанов, БатМУнун ректору э.и.д., пррофессор А.Т.Гыязов баш болгон эмгек жамаат ж.б. тиешелүү өкүлдөр катышты.

Жыйын Баткен шаарында өтүп, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясынын долбооруна кирген жаңы көз караштар, мыйзамдар, өзгөрүүлөр боюнча презентация жасалды. Билим берүү системасындагы реформалар, бала бакчадагы, мектептеги, ЖОЖдордогу жетишкендиктер менен көйгөйлөр, 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди. Жыйында жогорудагы маселер боюнча катышуучулар тарабынан суроолор берилип, адистерден тиешелүү жоопторду алышты.

КРдин “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулоо жер-жерлерде уланып жатат.