Баткен мамлекеттик университетинин Борборлоштурулган китепканасы “IRBIS64+” электрондук тутумуна кошулду. Аталган тутумга кошулуу үчүн буга чейин тендер жарыяланып, акыркы үлгүдөгү 5 даана компьютер, 4 даана принтер (три в одном), 4 даана Хпринтер, 4 даана сканер (ручной) алынган.

БатМУнун ректору, профессор А.Гыязов орг.техникаларды БатМУнун Борборлоштурулган китепкана башчысы А.П.Бостонова баш болгон тиешелүү кызматкерлерге тапшырып жатып, китепкана кызматкерлеринин ишинин сапатын арттыруу, студенттердин билим алуусу үчүн заман талабына ылайык шарттарды түзүү боюнча мындан ары да иш-аракеттер жүргүзүлө берерин белгиледи.

“IRBIS64+” – электрондук китепкананы түзүү жана тейлөө үчүн иштелип чыккан автоматташтырылган система. Бул электрондук китепкананы түзүүнүн негизги максаты керектүү маалыматтарды бат жана жеткиликтүү табуу.