28.04.2022-ж. Баткен мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин IV отуруму БатМУнун башкы мекемесине салынып жаткан кошумча имараттын курулушуна капсула салуу аземи менен башталды.

Буга чейин имаратты куруу боюнча тендер жарыяланып, жеңүүчү компания курулушту жаңы окуу жылынын башталышына толугу менен бүтүрүп, пайдаланууга берери пландалган.

Мындан сырткары, жыйындын башталышында БатМУнун ректору, э.и.д., профессор Гыязов А.Т. Кыргыз Республикасындагы музей тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкондугу үчүн БатМУнун “Айгүл-Тоо” тарыхый-маданий музей комплексинин башчысы А.А.Кадыров жана музейдин кызматкерлери Ж.Ж.Абдилаев, К.А.Таировдорго КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасын тапшырды.

Андан соң, Окумуштуулар Кеңешинин мүчөлөрү күн тартибиндеги маселелерди кароого өттү.