Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Баткен шаарында уюштурулган салтанатка катышты.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгон жоокерлерге арналган “Өчпөс оттун” алдында Куран окутуу, баатырларды эскерүү менен башталды.

Андан соң, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Алимбаев баштаган облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөргөн топ борбордук стадионго чейин “ӨЛБӨС ПОЛК” жүрүшүн жасады.

Бул согушка Баткен облусунунан 20 000ден ашуун эр-азаматтар аттанып, алардын ичинен 14213 жоокер майдандан кайтпай калган.

Урматтуу, мекендештер! Урматтуу, Баткен облусунун тургундары! Сиздерди Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов баш болгон эмгек жамаат Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы майрамыңыздар менен кызуу куттуктайт!

Ар убак асманыбыз ачык, чегибиз бек, өлкөбүз тынч болуп, туубуз көктө желбиреп турсун!