Баткен мамлекеттик университетинде өзүн-өзү баалоо отчетунун мазмунун талдоо жана июнь айында боло турган институционалдык аккредитацияга даярдык көрүү боюнча окуу-усулдук кеңештин, окуу-түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, Сапат бөлүмүнүн адистеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйынды БатМУнун окуу иштери боюнча проректору, б.и.к., доцент Анара Миралиевна ачып, бул өнөктүк окуу жайдын ишмердүүлүгүн далилдеп көрсөтүүчү иш-чара болгондуктан, ага ар бир кызматкер, окутуучу зор маани берүү менен аракеттенүүсү керек экендигин белгиледи.

БатМУнун Илим изилдөө жана илимий иштер бөлүмүнүн башчысы, профессор М.М.Тайиров институционалдык аккредитацияга даярдык көрүүдө эмнелерге маани берүү керектигине айтып өтсө, Окуу-маалымат департаментинин башчысынын орун басары э.и.к. Г.Н.Бөрүбаева интервью алына турган фокус группалардын аракеттери кандай болушу керектигине токтолду.

Бүгүнкү күндө бардык билим берүү мекемелери аккредитациялык агенттиктерден өтүү менен 5 жылга чейин өз ишмердүүлүгүн уланта алат.