Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде Кыргызстандын XX кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, КРнын Баатыры Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар болуп өттү.

Алгач БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан даярдалган көргөзмө уюштурулуп, андан соң БатМУнун жыйындар залында “Инсандын адеп-ахлактык жактан өнүгүүсү” аттуу илимий-практикалык конференция башталды.

Конференцияны БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов ачып, Т.Сыдыкбековдун кыргыз адабиятына кошкон салымына токтолуу менен бүгүнкү иш-чараларга академик, С.Ж.Мусаевдин катышып жаткандыгы окуу жайдагы жаш илим изилдөөчүлөр үчүн зор мүмкүнчүлүк болгонун белгиледи. Конференцияда БатМУнун тилчи окумуштуулары тарабынан бир катар баяндамалар жасалды.

Мындан сырткары БатМУнун окуу-түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү таланттуу студенттер Т.Сыдыкбековдун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөрдү аткарышты.

Ошондой эле “Сөз корунун байышына, тил маданиятынын калыптанышына өнөктөш бол!” деген темадагы конок лекция уюштурулуп, конок лектор КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, академик С.Ж.Мусаев болду. Лекциянын катышуучулары пайдалуу жана маанилүү маалыматтарга ээ болуу менен академик С.Ж.Мусаевге терең ыраазычылыктарын билдирди.