Бүгүн, 2022-жылдын 16-июнунда “Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо” көз карандысыз агенттигинен келген эксперттик топ алдын ала түзүлгөн 2 күндүк программага ылайык, Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесин жана анын окуу-түзүмдүк бөлүмдөрү Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтун, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтун, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтун, Сүлүктү педагогикалык колледжин, Көп тармактуу колледжин институционалдык аккредитациядан өткөрүү иш-аракеттеринин алкагында окуу жайдын жалпы ишмердүүлүгүнө тышкы баалоо жүргүздү.

Аккрелитациялоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы боюнча Баткен мамлекеттик университети институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

Комиссия өз ишин КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 “Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартиби” жана 2015-жылдын 4-октябрындагы № 525 “Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына колдонулуучу минималдуу талаптар” токтомдоруна ылайык жүргүздү.