Талас мамлекеттик университетинин ректору А.Ш.Упенов, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, Э.М. Байбагышов, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, А.А.Иманбаевдер Баткен мамлекеттик университетине иш сапары менен келишти.

Конокторду БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов тосуп алып, алгач Баткен мамлекеттик университетинин материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды.

Андан соң тараптар

– илим-изилдөө иштерин жүргүзүү;

– эки тараптуу кызматташуу;

– академиялык мобилдүүлүк;

– конок лекцияларды уюштуруу;

– окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу;

– тажрыйба алмашуу боюнча келишимдерге кол коюшту.