Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде эки тараптуу кызматташуунун алкагында Түркия мамлекетинен келген психология илимдеринин доктору, бир нече балдар психологиясы боюнча китептердин автору Сулейман Хежебил мырза, п.и.д., доцент К.К.Акматов, ОшМУнун Психология кафедрасынын башчысы, псих.и.к. А.Жолдошовалар конокто болду.

Конокторду алгач БатМУнун ректору, э.и.д, профессор А.Т.Гыязов кабыл алып, Сулейман Хежебил мырзага окуу жайга балдар психологиясы боюнча белек кылган китептери үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Андан соң, Сулейман Хежебил мырза БатМУнун профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерине “Балдар психологиясы” деген темада лекция окуду.

Лекциянын соңунда БатМУнун ректору, профессор А.Т.Гыязов Сулейман Хежебил мырзага Баткен мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” наамын тапшырды.