Билимдүү ата эне – билимдүү муун, билимдүү жаштарды тарбиялап өстүрүүгө салым кошот. Ал эми билимдүү, тарбиялуу инсандар өлкөнүн келечегин аныктайт.

Жаңы 2022-2023-окуу жылынын башталышы менен “Балдардын өсүп-өрчүүсүндөгү биогенетикалык таасиринин негизинде ата-энелерди окутуу” илимий долбоору өз ишмердүүлүгүн улантууда.

Бүгүнкү жыйында долбоордун жаңы окуу жылына карата түзүлгөн иш пландары талкууланды.

Аталган илимий долбоор б.и.к. доцент А.А.Саматова тарабынан жетектелип, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланууда