Түркия Республикасына болгон иш сапардын алкагында БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов БатМУнун базасында айыл чарба факультетин ачуу максатында Түркиядагы тарыхы терең, эң чоң университеттеринин бири болгон Селчук университетинин ректору менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну макулдашты.

Селчук университетинин айыл чарба жана ветеринария факультети Түркиядагы эң алдыңкы факультет болуп эсептелет.

Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Метин Аксой мырза айыл чарба жана ветеринария факультетинин окуу лабораториясы, айбанаттарды дарылоочу поликлиника жана университеттин жеке фермасы жана өндүрүшү менен тааныштырды.

Жолугушуу абдан жылуу маанайда өтүп, 2023-2024 окуу жылында БатМУнун базасында аталган окуу жай менен биргеликте айыл-чарба факультетин ачууну макулдашып, жакынкы убакта жол картасы иштелип чыгып, протоколго кол коюла турган болду.