2022-жылдын 20-октябрында БатМУнун ректору, э.и.д., профессор А.Т.Гыязов баш болгон профессордук курам Анкара шаарында Түркия билим берүү министрлигинде Мехмет Незир Гул мырзанын кабыл алуусунда болду.

Мында эки тараптуу протоколго кол коюу боюнча максаттар аныкталып, жол картасы түзүлдү.

Студенттерди жана Ыйман гимназиясынын окуучуларын бир жылда эки жолу мобилдүүлүк боюнча Түркияга жөнөтүү, каржылоо жана келгендеги программалары киргизилди. Мындан башка окутуучуларды жөнөтүү, китептер менен камсыз кылуу, тажрыйба алмашуу макулдашылды.

Күндүн экинчи жарымында ТИКАнын башкы офисинде Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча директору Др Али Озгун Озтурк мырзанын кабыл алуусунда болуп, БатМУ үчүн берилген гранттар, жасалган иштер үчүн ректор Айдарбек Токторович ТИКАнын жамаатына жана директору Др Али Озгун Озтурк мырзага терең ыраазычылык билдирди.

Др Али Озгун Озтурк мырза ТИКА тараптан мындан ары да каржылоо иштери жүргүзүлөөрүн айтышып, проектер болсо колдоорун билдирди.

Алдыда БатМУну өтө чоң жанылыктар, өзгөрүүлөр күтүлүүдө.