2022-жылдын 19-ноябры Баткен мамлекеттик университеттинин Энактас командасы 2 долбоор менен Бишкек шаарында @enactus_kyrgyzstan уюму тарабынан уюштурулган Эл аралык жаштар фестивалына “Жашыл Келечек» ишкердиги боюнча иш-чарага катышты.

Иш-чаранын максаты жаштардын поненциалын жогорулатуу үчүн аянтча түзүү аркылуу ишкердик жана жашыл технология боюнча тажрыйба алмашуу, Эл аралык бизнес лидерлерин тартуу.

Бул фестивалда 400дөн ашуун жаш ишкерлер жана стартаптар, ошондой эле Бүткүл өлкө боюнча бизнес өкүлдөрү, потенциалдуу инвесторлор жана Узбекстандан келген жаш ишкерлер катышты.“Жаш табышкер” тарабынан көргөзмө да болду.

Буйурса жемиштүү долбоорлор болуп, элдин муктаждыктарын чечет деген үмүттөбүз!

Биздин командага ар тараптуу колдоо көрсөткөн БатМУнун ректору э.и.д., профессор А.Т.Гыязовго терең ыраазычылык билдиребиз!