2022-жылдын 2-ноябрында Сеул шаарында 8-Жогорку деңгээлдеги Глобалдык МКТ форуму болуп өтүп, ага КРнын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов баштаган делегация катышты. Делегациянын курамында КРнын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев жана Баткен мамлекеттик университетинин санариптештирүү жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Замирбек Бекмаматов да бар.

Форумда Уланбек Мамбетакунов КРдагы билим берүү тармагындагы санариптик трансформация тажрыйбасы тууралуу баяндама жасады. Форумдун иши санариптик инновация доорунда санариптик трансформация аркылуу туруктуу экономикалык өсүү темасына арналган.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана бирге барган делегация 2022-жылдын 1-ноябрында Түштүк Кореяга болгон жумушчу сапарынын алкагында университеттерди жана илимий институттарды кыдырды.

Министр Ханбат Улуттук университетинин президенти жана академиялык комитетинин мүчөлөрү менен жолугушууда Кыргызстандан келген студенттер үчүн квоталарды көбөйтүү, академиялык алмашуу жана технологияларды которуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, Баткен мамлекеттик университети да кызматташууга даярдыгын белгиледи.

Кыргыз делегациясы 1973-жылы түзүлгөн Innopolis (Корея инновациялык фондунун мамлекеттик изилдөө кластери) компаниясында болушту. Иннополис илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга улуттук инвестициялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн курулган, жана бул өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизи болуп калган. Уланбек Мамбетакунов менен Кореянын химиялык технология илим изилдөө институтунун президенти Ким Жайсо Кыргызстандагы техникалык университеттер менен кызматташууну активдештирүү маселесин талкуулашты.

Институттун президенти алардын мекемесинин базасында элдик медицинанын дарыларын изилдөө, химиялык технология боюнча дарыгерлерди жана илимий кызматкерлерди даярдоо сыяктуу биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Ишканалар жана адамдар учун Теджондогу илим жана техника институтунда (Daejeon Science and Technology Institute for Enterprise & People) министр жетекчилик менен жолугушууда Кыргызстанда “Корея илим жумалыгын” уюштурууну сунуштады, өз кезегинде институт илимий изилдөөлөрдү колдонууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана бирге барган делегациянын Түштүк Кореяга болгон жумушчу сапары жемиштүү болду деп айтсак жаңылышпайбыз!