Баткен мамлекеттик университетинин «Ыйман» гимназиясынын директору кызматына Турдахун Темиров дайындалды. Ал эми аталган окуу жайды буга чейин жетектеп келген директору Ибрахим Жумабай уулу башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка БатМУнун ректору э.и.д., профессор Айдарбек Гыязов кол койду.

Турдахун Темиров 2012-2013 –жылдары Түркиянын “Bolu” билим берүү борборунда билим алган. 2013-2017 –жж. ОшМУнун теология факультетинде өз билимин жогорулаткан. 2017-2020-жж. Кайсери динди тереңдетип окутуу курсунда билимин уланткан. 2021-2022 –жж. Кайсери “Юсуф Дулда” Куран жаттоо курсунда окуган. 2013-2018 –жж. “Лидер НК” окуу борборунда түрк тили жана араб тили мугалими болуу менен эмгек жолун баштаган. 2022-жылдан тартып ОшМУнун Чыгыш таануу факультетинин магистратура бөлүмүндө билимин жогорулатууда. 2022-жылдын январь айынан тартып, Баткен мамлекеттик университетинин «Ыйман» гимназиясында мугалим болуп эмгектенип келген.