2023-жылдын 21-28-февраль күндөрү Кызыл-Кыя шаарындагы жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын арасында шаардык кышкы спартакиада болуп өттү. Спартакиада жыл сайын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жана Балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан уюштурулулат.
Мелдеш спорттун тогуз коргоол, стол тенниси, волейбол түрлөрү боюнча болуп, анда шаарыбыздагы жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын студенттеринен куралган 10 команда күч сынашты.
Командалык эсепте, БатМУ КГПИнин курама командасы мыкты даярдыгын көрсөтүп, 1-орунду камсыздашты жана кубокко ээ болушту.


Ошондой эле тогуз коргоол оюну боюнча кыргыз тили жана адабияты профилинин 2-курсунун студенти Маткалыкова Сайкал эң мыкты оюнчу болуп табылса, ал эми кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 2-курсунун студентт Садыкова Нурдат волейбол боюнча мыкты чабуулчу деген диплом менен сыйланышты.
Жеңишке жеткен студенттерди жана аларды машыктырган дене тарбия кафедрасынын окутуучуларын кызуу куттуктайбыз!